Global Money Week 2017 - Кыргыз Экономикалык университетинин студенттери үчүн сынак жарыяланат

23 жалган куран 2017

2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелине чейин Акча жумалыгы өтөт.

Жумалыктын алкагында адистер мектеп окуучулары менен студенттерге калктын финансылык билиминин маанилүүлүгү жана зарылдыгы тууралуу лекцияларды окушат. 

Биздин банк жумалык күндөрү Кыргыз Экономикалык университетинин студенттери үчүн сынак өткөзөт. Сынакта студенттер банк кызматтарын популярлаштыруу жана таанытуу тууралуу өз пикирлерин сунуштайт.


Сынакта 8 команда катышат. Биринчи этап 17 мартта аяктады.

Биринчи этаптын жыйынтыгы менен бардык 8 команда өттү, алдыда финал!

Женүүчүлөргө банк белектерди тартуулайт жана банкта стажировка өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!


"Окугула. Сарамжалдуу болгула. Акча тапкыла"

Жанылыктар