Өзгөн районундагы Аюу айылынын тургундарына жардам
6 бугу 2017
4 майда, "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААК эмгек жамааты Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында болгон жер көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга жардам катары азык-түлүктөрдү жана башка керектүү каражаттарды даярдап келишти.
Банк жетекчилигинин атынан жабыркагандарга көңүл айтылды.