ММК биз тууралуу: "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАНдын" кардарлары карталарын «Мобильник» жана QiWi төлөм терминалдары аркылуу толуктоого мүмкүнчүлүк алышты

16 жетинин айы 2017

"Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН"  өзүнүн карталарын толуктоо тармагын кеңейтти. Эми кардарлар Visa, MasterCard, Элкарт жана Золотая Корона карталарын «Мобильник» жана QiWi төлөм терминалдары аркылуу толуктоого мүмкүнчүлүк алышты

Терминал аркылуу салынган акча каражаттары картага ошол замат түшөт. Операцияны жүргүзүү үчүн болгону Мобилдик банкинг кызматы кошулган телефондун номери керек. Телефон номерин 996... форматында киргизүү зарыл.

Эгер кардар Мобилдик банкинг кызматына кошулган эмес болсо, картанын 16 сандуу эсебинин номерин терминалга жазса болот. Эсеп номерин банктан билсе болот.

Бул кызматты республика бардык булуң-бурчунда жайганшкан 2 300 терминал аркылуу 24 саат бою колдонсоңуз болот.

"Биздин максатыбыз кардарларга ынгайлуу шарттарды түзүү аркылуу, кардардын банкка келүү убакытсын жана кайрылуу санын азайтуу.  Азыркы учурда биздин кардарлар акча каражаттарын интернет жана мобилдик банкинг кызматы аркылуу башкарышат. Бул кызмат убактысы тар жана кезекте турууга убакытысы жок кардарларга ынгайлуу. Ошол эле учурда бул кызмат операциялык бөлүмдө иштеген кызматкерлерге болгон басымды азайтат.", - деп  "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" дистанциялык банктык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Назгуль Саманчиева белгилеп кетти.

Толуктоо үчүн коомиссия 1,5% түзөт, башкача айтканда эгер 1000 сом эсебинизде салсаңыз комиссиясы болгону 15 сомду түзөт.

Минималдуу толуктоо суммасы 5 сом, максималдуу сумма 10 000 сом бир толуктоо үчүн.  

Ошондой эле картаны  "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" бөлүмдөрүндө жана Cash-in банкоматында акысыз толуктаса болот. ("Золотая корона" картасын толуктоо 0,4%)

Жанылыктар