"Мен, жол эрежелерин сактаймын" долбоорунyн алкагында өтчү "Жарык бол" акциясы

30 жалган куран 2018

Достор,

Жолдо бир топ коркунучтар бар, алардын арасында эң негизгиси унаалар экенин унутпагыла!

Бишкек шаарынын Эски аянтында 30 март күнү саат 17:00-дө "Жарык бол" интерактивдүү акциясы өтөт, анда маданий-алдын-алуу иш-чаралары өткөрүлмөкчү.

Бул иш-чара "Мен жол эрежелерин сактаймын" долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.

Программага төмөндөгүлөр кирет:

  • интерактивдүү оюн-зоок программасы;
  • улуттук эстрада жылдыздарынын катышуусу;
  • бий флешмобу.

Ошондой эле иш-чаранын конокторуна ЖККББнын атайын транспорт каражаттары менен мотоциклдери жайгашкан бөлүмгө кирүү мүмкүнчүлүгү сунушталат, андан тышкары жөө жүрүү зонасы, бор менен сүрөт тартуу аянтчасы, билим берүүчү лекциялары өткөрүлүп, бүт каалоочуларга жарыкты чагылдыргыч таратылып берилет.


Жанылыктар