Насыялык администирлөө бөлүмүнүн адиси (Бишкек ш.)

региондор: Бишкек шаары

жарыялоонун күнү: 22 кулжа 2018

Насыялык администирлөө бөлүмүнүн адисине сынак жарыяланат (Бишкек ш.)

Талаптар:

  • Билим деңгээли - жогорку (юридикалык/экономикалык билимине - көңүл бурулат);
  • Бишкектеги Финансы-экономикалык техникумунун атайын орто-экономикалык билими;
  • Каржы-кредиттик тармакта адистиги боюнча иш тажрыйбасы- 6 айдан кем эмес.

Төмөнкү кошумча квалификациялык талаптарга көңүл бурулат:

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу саясатынын негизги жоболорун, нускамаларын, ченемдик көрсөтмөлөрүн билүү;
  • Өз ишинин алкагындагы юридикалык билимге ээ болуу.

Милдеттер:

  • "Терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырууга (акчанын изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө" тизмесинде кардарлырды текшерүү;
  • Кардарлардын арыздарын Кредиттик бюродон (КБ) текшерүү. Кезектеги кардарлардын башка каржы-кредиттик мекемелерге насыя алуу кайрылуусун өз убагында текшерүү;
  • Насыяларды жасалгалоо жана берүү, келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  •  Кредиттик досьени түзүүдө ченемдик талаптарды сактоо, туура жү ргүзүү, досьенин сакталышын камсыздоо;
  • Мониторингти жүргүзүү;
  • Мөөнөтү өткөн насыялар менен иштөө ж.б.;

Жумуш шарттары:

  • КРнын Эмген кодексине ылайык жумушка алуу, КРнын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык коомдук пакет каралат.
  • Шаардык борборундагы заманбап кеңседе иштөө.

Резюмени cv@cbk.kg дарегине жөнөтүңүздөр.

бардык вакансиялар