Насыя бөлүмүнүн башчысы (Бишкек ш.)
региондор: Бишкек шаары
жарыялоонун күнү: 23 тогуздун айы 2019
"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы" ААКдун бир кеңсесинин насыя бөлүмүнүн башчысынын кызмат ордуна сынак жарыялайт.
Талаптар:
- жогорку билим (экономикалык билим артык көрүлөт);
- каржы-насыя тармагында иш тажрыйбасы – 3 жылдан кем эмес.
Төмөнкү кошумча квалификациялык талаптарга көңүл бурулат:
- банк колдонгон, каржы анализинин методикалары;
- проблемдүү насыялардын реструктуризациясын жана насыяларды камсыздоону баалоо методдорун билүү;
- насыялоо тармагындагы банктык мыйзамдарды билүү;
- насыялоого байланыштуу банк процедураларын билүү;
- кардарлар базасынын өзгөчөлүктөрү менен иштөө;
- маркетингтин негиздери;
- уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү болуу;
- насыялоо документтердин жазып-каттоо иретин жана колдонулган стандарттарын билүү;
Милдеттери:
- бөлүмдүн насыялык куржуну менен иштөө;
- бөлүмдүн адистери арасында функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү жана алардын аткаруусун контролдоо;
- насыялоо боюнча суроолордун жана арыздарды кабыл алуу боюнча консультациялоо иштерин уюштуруу;
- бардык насыялоо процессин уюштуруу;
- өз ыйгарым укугунда Насыялоо комитетинин курамында насыяларды кароо жана
бекитүү; - автоматташтырылган маалымат базасынын системасында (ЦФТ) иштөө;
- насыянын кайтарылбастыгы коркунучун алдын алуу максатында, насыялоо куржунун үзгүлтүксүз аудитти өткөрүү;
- өз убактында насыяны төлөө боюнча контроль жүргүзүү
- ар түрдүү отчеттордун өз убактында берилишин жүргүзүү;
- банктан ишке ашырылып жаткан долбоордун жана программалардын жаратуусунда катышуу;
- насыя бөлүмүнүн адистерин окутуу жана насыялоонун, маркетингтин, потенциалдуу кардарлардын ишмердүүлүгүнүн каржы анализин, мониторингтин процедураларын үйрөтүү.
Резюмени cv@cbk.kg дарегине жөнөтүңүздөр.