Банк жөнүндө

 

“КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК өз тарыхын 1988-жылдын 1-январынан тарта СССР Туракжайсоцбанктын Кирконторасы катары баштаган. Анын негизинде 1990-жылдын 6-ноябрында КР Юстиция министрлигинде “Кыргызстан” АКБ катары катталган Банк түзүлгөн. 2005-жылы Банк “КЫРГЫЗСТАН АКБ” ААК болуп кайра түзүлгөн. Ал эми 2006-жылдын 20-ноябрынан тарта Банк азыркы – “КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК деген аталышта банк операцияларын жүзөгө ашырууга укук берген КР УБ №014 лицензиясынын негизинде иш жүргүзөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык региондорунда 100 бөлүмдөр, "Visa", "Золотая Корона",  "MasterCard" жана "Элкарт" төлөм карталарын тейлеген 187 банкомат жана 900дөн ашык  терминал, дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнө чыгуу менен эл аралык акча которгон 9 система иштейт.

“КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы” ААК - Visa International (Principal Member) төлөм системасынын принципиалдуу мүчөсү. Бул болсо ага өз дизайны жана эн белгиси менен Visa төлөм картасын өз алдынча чыгарууга жана тейлөөгө укук берет. Банк нак акча жана накталай эмес төлөмдөр жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык спектрин сунуштаган Орусиянын ири төлөм системасынын карталарын - “Золотая Корона” картасын чыгарат жана тейлейт.

Биздин биринчи кезектеги милдеттерибиздин бири – өлкөбүздүн бардык регионунда, зарыл болсо анын чегинде да ар бир кардарга мүмкүн болушунча ыңгайлуулукту жана сапаттуу тейлөөнү камсыздоо.

Банктын маанилүү активи болуп кесипкөйлөрдөн куралган заманбап команда эсептелет. Алар башкаруунун корпоративдик принциптерин өнүктүрүүгө, жаңы банктык технологияларды, IT-иштеп чыгууларды жайылтууга, тез өзгөрүп турган рынок шарттарына ыкчам жана адекваттуу мамиле жасоого умтулат.

Бүгүнкү күндө банк өнүккөн инфраструктурага ээ жана көп профилдүү насыя мекемеси болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан 20 миңден ашуун ишкананы, уюмду жана коммерциялык структураларды насыя-эсептешүү жаатында тейлеп келет.