Contact
CONTACT системасы рубль, АКШ долларын жана еврону түрдүү ыкмалар менен жиберүүгө жол берет:
- эсеп ачпастан CONTACT пункттарында нак акча каражаттары менен;
- Интернет аркылуу VISA жана MasterCard пластик карталары жана мобилдик телефондун жардамы менен.
Комиссия: төлөмдүн суммасынан 0,1% баштап жана төлөмдүн которуу суммасына карата.
Ошондой эле CONTACT жардамы менен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу мүмкүн:
CONTACT системасын колдонуу менен төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз:
- насыяларды тындыруу;
- физикалык жактардын эсептерин толуктоо;
- операторлордун байланыш кызматына, интернет-провайдерлерине төлөм жүргүзүү;
- камсыздандыруу полиске, туристтик жолдомо, авиа- жана темир-жол билеттерине төлөм жүргүзүү.
Бир жолу акча которуунун эң жогорку суммасы:
- жакынкы өлкөлөрдүн арасындагы которуулар: 600 000 RUB / 20 000 USD / 20 000 EUR
- алыскы жактагы өлкөлөргө которуулар Алуучунун өлкөсүнүн улуттук мыйзамы боюнча коюлат.
CONTACT – 1999-жылы негизделген, эң биринчи акча которуулар Орусия системасы. CONTACT системасынын оператору ЖЧК НКО «Рапида» болуп эсептелет.
CONTACT системасынын жардамы менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААК бөлүмдөрүндө акча-каражаттарды арзан баада, эсепти ачуусуз, жеңилдетилген процедура аркылуу которууларды жүгүзсө болот:
- бардык өлкө боюнча – Кыргызстан, Россия, жакынкы жана алыскы өлкөлөр – 170 өлкөдөн жогору;
- Орусия рубли, АКШ доллары жана евро;
- накталай түрдө төлөө, Visa*, MasterCard*, UnionPay* карталарына которуу, физикалык жана юридикалык жактардын эсептерине которуу - Орусия өлкөлөрүнүн бардык банктарында, Европа өлкөлөрүндө, АКШ, Канада, Вьетнам, Турция, БАЭ, Индия, Таиланд, Жаңы Зеландия, Сингапур, Австралия, Гонконг жана Малайзия (CONTACT - эсеп сервиси);
- жөнөтүү ылдамдыгы: чыныгы убакыттын режими боюнча. Которууларды берүү убактысы өлкөлөрдүн убакыт боюнча айырмасына жана алуу пунктарына, банктын жумуш тартибине карата берилет;
- которуучунун уюлдук телефонуна котруунун статусу жөнүндө sms-билдирүү жөнөтүлөт;
- дарексиз төлөм - которууларды Кыргызстан, Орусия жана жакынкы өлкөлөрдүн CONTACT системанын бардык пунктарында алса болот.
Системанын негизги артыкчылыктары:
- Пайдалуу – Банктын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акыны акча которгон адам гана төлөйт. Акча которууну төлөп берүү акысыз.
- Ыңгайлуу – акча которуу үчүн банктын реквизиттерин билбей деле койсоңуз болот, болгону өлкөнү, шаарды, акча алуучунун аты-жөнүн так билишиңиз керек.
- Ыкчам – акча которууну тариздөөнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобосу бир нече мүнөт убакытты ээлейт жана арыз бланкын толтурууну талап кылбайт.
- Ишенимдүү – которуулардын коопсуздугун маалыматты коргоонун алдыңкы технологиялары менен атайын программалык комплекс камсыздайт.