Золотая корона акча которуусун Элкарт жана Visa карталарына чегерүү

Сервис Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чыгарылган Элкарт жана Visa төлөм системаларынын базасындагы карта ээлерине КМШ өлкөлөрүнөн жөнөтүлгөн акча которууларын алуу үчүн сунушталат.

Акча которууну картага кантип чегерүүгө болот?

1. Золотая корона тиркемесин жүктөө (+6) – Акча которуу

2. Которуу коду түшкөн телефондун номерин 996*** форматында терүү.

3. Телефон номерине KoronaPay-ден пароль келип түшөт, ошону терүү керек.

4. "Которууну алуу" опциясын тандайсыз.

5. Картага которууну чегерүү үчүн “Картага чегерүү” опциясын тандоо керек.

6. Акча которуу учурунда көрсөтүлгөн алуучунун толук аты-жөнүн териңиз.

7. Алуучунун банктык картасы тууралуу маалыматты (картанын бет жагындагы 16 сандуу номерди, картанын аракеттеги мөөнөтүн (айы жана жылы), картанын CVV кодун (картанын арт жагындагы сандардын акыркы үчөөсүн) көрсөтүү керек. Андан соң “Чегерүү” опциясын тандаңыз.