Сейф уячаларын ижарага алуу

Жеке банк сейфи — баалуу буюмдарды сактоонун ыңгайлуу жолу! Банк сактагычтарына болгон талап өтө жогору. Ошондуктан банк сейфинде Сиздин баалуу буюмдарыңыз башка жерге караганда өтө ишенимдүү сакталат.

Банк сейфтери сиздин баалуу буюмдарыңызды сактоо үчүн заманбап, технологиялык сейф уячалары менен жабдылган!  

Биздин жаңы сейф уячаларыбыздын башкалардан айырмалуу өзгөчөлүктөрүбүз:

  • Алар бузуп-талкалоого туруктуулук жагынан 1-класста сертификацияланган
  • Тышкы келбети кынтыксыз жана бардык конструктивдик элементтери жогорку сапатта даярдалган
  • Беш типтүү көлөмдөгү жеке сейфтер баалуу буюмдарды сактоо үчүн сиздин бардык талаптарыңызды канааттандыра алат
  • Дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келет!

Жеке сейфтерди ижарага алуу үчүн тек жайыңызды тастыктаган документти көрсөтүп, келишим түзүп, ижара акысын төлөшүңүз керек.

Жеке сейфти ижарага алуунун акысы анын көлөмүнө жараша болот:

Чакан сейфтер:

кейстин көлөмү 30х235х335 мм  жана  55х235х335 мм – 90 күнгө чейин күнүнө 15 сом, 90 күндүн ашык убакытка күнүнө 11 сом.

Орточо сейфтер:

кейстин көлөмү 80х235х335 мм  жана  155х235х335 мм - 90 күнгө чейин күнүнө 20 сом, 90 күндөн ашык убакытка күнүнө 17 сом.

Чоң сейф:

кейстин көлөмү 280х235х335 мм  - 90 күнгө чейин күнүнө 25 сом, 90 күндөн ашык убакытка күнүнө 21 сом

 

Тургундар үчүн камсыздандыруу аманаты 10 000 сом, резидент эместер үчүн 15 000 сомду түзөт

(ижара мөөнөтү аяктагандан кийин камсыздандыруу аманаты кардарга кайтарылып берет)

“Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН” ААК менен келишим түзсөңүз Сиз:

  • бир күндөн бир жылга чейинки каалаган мөөнөткө сейф уячаларын ижарага алаласыз
  • өзүңүздүн депозиттик уячаңызды иш күндөрү 09:00дөн 15:30га чейин жана майрам алдындагы күндөрү 09:00дөн 14:30га чейин колдоно аласыз 
  • сейф уячасын колдонуу укугун ишенимдүү адамга бере аласыз.

Толук купуялуулук сакталат

Жеке сейф уячаларынын сактагычы төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

  • Банктын баш кеңсеси – Бишкек шаары, Т. Молдо көч., 54а (“Спартак” стадионунун бет маңдайында)
  • Ош Башкы Дирекциясы - Ош шаары, Курманжан Датка көч., 119    
  • Жалал-Абад Башкы Дирекциясы - Жалал-Абад шаары, Эркиндик көч., 13а