MBank Online аркылуу салыкты бир-эки басуу менен төлөп кетиңиз

10 баш оона 2020

Эскертебиз, MBank Online кызматы аркылуу салыктарды төлөй аласыз.

Төлөгөндөн кийин, маалыматтар заматта МСК түшөт жана сиз төлөм кодун менен МСКнын сайтында текшерүү жүргүзө аласыз. Квитанция төлөм жүргүзүлгөндөн кийин түзүлөт, аны сактап, чыгарып, почтаңызга же каалаган месенджерге жөнөтө аласыз.

MBank Online аркылуу жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин салыктарын төлөөгө болот:

  • Кыймылсыз мүлк, жер салыгы
  • Унаа салыгы
  • Ыктыярдуу патент
  • Милдеттүү патент
  • Жумушчулардан киреше салыгы (патент боюнча)

Төлөмдү кандай жасаш керек?

  1. "Төлөө" бөлүмүндө "Салыктар" дегенди тандаңыз
  2. ИННди киргизиңиз. Система автоматтык түрдө салык төлөөчүнүн маалыматын көрсөтөт (аты-жөнү)
  3. Салыктын керектүү түрүн андан кийин областы жана районду тандоо керек
  4. Сумманы жазып, төлөмдү тастыктайбыз.

Жанылыктар