РФ Сбербанкынын жана Банк КЫРГЫЗСТАНтын ортосундагы которуулар

11 аяк оона 2020

Сбербанктан биздин Банктын картасына жана артка 30 секунддун ичинде акчаны которуп турса болот!

Акчаны жөнөтүү үчүн Сбербанк Онлайн тиркемеси жана Биздин Банктын MBank Online тиркемеси болушу жетиштүү.

Сбербанк Онлайн тиркемеси аркылуу Россиядан Кыргызстанга которууну кантип жасоого болот?

  • жөнөтүүчүнүн күндүк чеги 50 000 рубль (айына 1,5 миллион рублга чейин)
  • жөнөтүүчүдөн 1% минимум 30 рубль
  • алуучудан комиссия алынбайт
  1. "Сбербанк Онлайн" тиркемесинде "Которуулар" бөлүмүн жана "Чет өлкөдө" опциясын тандашыңыз керек.
    
 

Андан кийин "Телефон номери аркылууну"

 

Өлкөнү тандайсыз

Андан кийин, биздин "КЫРГЫЗСТАН КБ" биздин Банкты тандап, суммасын, MBank Online-га туташкан алуучунун телефон номерин киргизиңиз.

      

Андан кийин, алуучунун аты-жөнүн жана суммасын текшерип, төлөмдү тастыктоо керек

Бүттү! Которуу биздин Банктын Elcart/Visa/MasterCard картасына заматта чегерилет!

 

MBank Online тиркемеси аркылуу Кыргызстандан Россияга Сбербанктын карталарына которууну кантип жасоого болот?

  • которуунун минималдуу суммасы 10 сом, максимум 150 000 сом, комиссия которуунун суммасынын 2% түзөт (минималдуу 30 рубль). Кызмат күнү-түнү иштейт

1. "Төлөө" бөлүмүнө өтүп, "Сбербанкка которууну" тандаңыз.

 

2. Алуучу Сбербанк Онлайн кызматын кошкон банк картасынын номерин же телефон номерин киргизиңиз

 

3. Алуучунун маалыматын текшериңиз, төлөмдү ырастаңыз. Операцияны аяктагандан кийин, квитанцияны түзүп, сактап же почтага, же каалаган мессенджерге жөнөтсөңүз болот

  

Жанылыктар