Продукцияны өндүрүү жана кайра иштетүү үчүн насыялар
28 аяк оона 2020
"Ишкердик субъекттерди каржылоо" программасы боюнча өндүрүш жана кайра иштетүү ишканалары үчүн насыялар
Программанын максаты - чакан ишкерлерге,чакан жана орто бизнес, ири бизнес субъекттерине мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү.
- Насыянын суммасы: 30 млн сомго чейин
- Пайыздык чени: 6%дан жогору
- Мөөнөтү: 5 жылга чейин
Кийинки багыттарды өнүктүрүү үчүн насыя алса болот:
- Туризм
- Жүк ташуу
- Жеңил өнөр жай
- Фармацевтика өнөр жай
- Тоо кен казып алуу ишканаларын эске албаганда, өндүрүш өнөр жай