АБАЙЛАГЫЛА! АЛДАМЧЫЛАР!

1 чын куран 2021

Урматтуу кардарлар,

Интернеттеги алдамчылык жөнүндө эскертебиз!

Товарларын сатуу боюнча жарнамаларды интернет ресурстарына жайгаштырган кардарлар, мисалы, Lalafo же Сdek.kg, алдамчылардын курмандыгы болушат. Сатып алуучулардын атын жамынган алдамчылар товардын акысы катары сатуучунун картасына акча которууну сунушташат.

Бул үчүн сатуучуга шилтеме жөнөтүлөт, ага ылайык картанын толук маалыматын - картанын номерин, жарактуулук мөөнөтүн, CVV кодун, Elcard карталарындагы кармалган сумманы, SMS кодун ж.б. киргизүү сунушталат.

Натыйжада, картага акча алуунун ордуна, каражаттар алдамчылардын электрондук капчыктарына/  карталарына кетип калат.

Банк бейтааныш адамдардын өтүнүчү боюнча, шектүү ресурстарга карталык маалыматтарды киргизүүгө жол берилбестиги жөнүндө эскертет!

!!! Белгисиз адамдардан келген белгисиз шилтемелерди колдонбоңуз, картанын маалыматтарын үчүнчү жактарга киргизбеңиз же өткөрүп бербеңиз!

Карталардын маалыматтарын коргоо сиздин гана колуңузда!

Абайлап жана этият болуңуз!

  

Жанылыктар