Камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү боюнча тендер

2 чын куран 2021

"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банкы" ААКтын Сатып алуу жана Тендердик Комиссиясы сизди камсыздандыруунун бардык түрлөрү боюнча тараптар үчүн өз ара пайдалуу кызматташтык келишимдерин түзүү мүмкүнчүлүгүн караган тендерге катышууга чакырат.

Банктын кардарларын камсыздандырууга төмөнкүлөр кирет:

  • автонасыянын мөөнөтү  36 (Отуз алты) айга чейин,
  • ипотека насыясынын -120 (Жүз жыйырма) айга чейин. (Шарттарды Банк өзгөртө алат)

Тендерге катышуу үчүн сиздин коммерциялык сунушуңуз төмөнкү шарттарды камтышы керек:

  1. Кызматтар - мүлктү камсыздандыруу (Кыймылсыз мүлк күрөөсү), автомобилдик транспорт (күрөө), Карыз алуучунун кырсыктан өмүрүн жана ден соолугун камсыздандыруу;
  2. Камсыздандыруунун тарифтери;

- камсыздандыруу тобокелдиктери (учурлары);

- камсыздандыруу төлөмү;

       3. Банкка камсыздандыруу төгүмүнүн суммасы.

Камсыздандыруу компаниясына карата талаптар:

  • Мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк;
  • Лицензиялар (күбөлүктөр), эгерде ал мыйзамдарда катышуучунун сатып алуунун шарттары менен аныкталган ишти жүзөгө ашыруу укугу каралган болсо;
  • Белгиленген тартипте түзүлгөн уюштуруу документтери;
  • Банк эсеби;
  • Отчеттук күнгө карата компаниянын финансылык отчету;
  • Бул документтер камсыздандыруу компаниясынын расмий мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек.

Толугураак маалыматты  "Тендерлер" бөлүмүнөн алсаңыз болот

Кошумча шарттар:

Тендерге катышуу үчүн бардык талапкерлер 2021-жылдын 9-апрелинде саат 14-00 кечиктирбестен Бишкек шаары, көч. Тоголок Молдо 54-А, Усекова Айнура Абдулазизовна - Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү - дареги боюнча коммерциялык сунуштарын берип кетүүгө зарыл.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табыштамалар каралбайт жана талапкерлерге ачылбай кайтарылып берилет.

Тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүгө билдирүү жөнөтүлөт.

Толук маалыматты 996 312 61 53 66 (Рыспеков Алтынбек) телефону боюнча, же Altynbek.Ryspekov@cbk.kg электрондук дареги аркылуу алсаңыз болот.

Жанылыктар