MBank Online аркылуу сейф уячалардын ижарасын бир-эки басуу менен төлөө!

29 чын куран 2021

Баалуу буюмдарыңыздын жана маанилүү документтериңиздин сакталышы жөнүндө кам көрүү дагы ыңгайлуу болуп калды!

Эми, сейфтин ижара акысын төлөө үчүн, биздин банктын филиалына келүүнүн кажети жок. Сиздин колуңузда MBank Online болгону жетиштүү.

Ижара келишимин узартуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  1. "Адаттагы төлөмдөр" бөлүмүнөн "Коопсуз кутучаларды" тандаңыз
  2. Ал жайгашкан филиалды тандап алыңыз.
  3. Керектүү маалыматтарды киргизип, төлөмдү ырастаңыз!

Сейф уячаларыбыздын өзгөчөлүктөрү:

  • Алар бузуп-талкалоого туруктуулук жагынан 1-класста сертификацияланган.
  • Беш типтүү көлөмдөгү жеке сейфтер баалуу буюмдарды сактоо үчүн сиздин бардык талаптарыңызды канааттандыра алат.
  • Дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келет!

Сейфтик ячейкалардын сактоочу жайлардын даректери:

  • Банктын Башкы офиси Бишкек ш, Т. Молдо к. 54 а (Спартак стадионунун маңдайында)
  • Первомай филиалы, Бишкек ш, Эркиндик бульвары 59 (Финансы министрилигинин маңдайында)
  • Ош башкы дирекциясы, Ош ш. Курманджи Датка к. 119
  • "Жалал-Абад башкы дирекциясы" филиалы Жалал-Абад, ул. Эркиндик, 13а

Жанылыктар