SMS аркылуу келген код менен бөлүшпөңүз! Шылуундардын курмандыгына чалдыгуудан алыс болуңуз!
Эгер сизге кимдир-бирөө чалып/жазып SMS аркылуу келген кодду айтууну/жөнөтүүнү суранса — бул 100% МОШЕННИКТЕР!
Кодду бейтааныштарга берсеңиз, мошенниктердин курмандыгына чалдыгууга мүмкүнчүлүгүңүз бар!
Банктан келген SMS-билдирүүлөрдө код/паролду ЭЧ КИМГЕ АЙТПАҢЫЗ деп жазылган!
Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН мошенниктердин курмандыктарынын санын азайтуу үчүн бардык мүмкүн болгон каражаттарды колдонууда — ММКлар, медиа, социалдык тармактар, SMS жана PUSH-билдирүүлөр аркылуу бардык күч-аракетин жумшоодо. Күн сайын биз ондогон мошенниктердин номерлерин блокко коюу максатында өнөктөштөрүбүзгө өткөрүп беребиз.
Биз сиздин жардамыңызга муктажбыз — ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫҢЫЗДЫ ЭЧ КИМГЕ ЖӨНӨТПӨҢҮЗ!‼️