105 жайдын аманаттары акциянын жыйынтыгы!

17 баш оона 2015

Биздин Банк үчүн кардарларга ар кандай акцияларды уюштуруу көп убакыттан бери салт болуп калды. Бул учурда дагы аманаттарды ачкан кардарларыбызды жагымдуу белектер күтүп жатты! 
Өз сактамдарын биздин Банкка ишенич менен калтырган биринчи 105 адам жагымдуу жана эң биринчиден керектүү белектерге ээ болушту.

"105 жайдын аманаты" акциянын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында Баш Оона айынын 13-дө жана Ош шаарында Баш Оона айынын 15-де кардарларга белектер тапшырылды. 

Өлкөбүздүн ар бир регионундагы белек ээлерин куттуктадык! Артыкча бул убакытка чейин акциялар аркылуу белектерди алган биздин кардарлар кайта катышып жаткандыгы үчүн абдан кубанычтабыз.

Берилген белектер: тостер-сэндвичницалар, соковыжималкалар, пылесостор, микроволновдук мештер, мультиваркалар жана телевизорлор.

Урматтуу Кардарлар, биз менен болгон үчүн чоң рахмат!

белектерди берүү учурунда келе албай калган кардарларга белектер алар аманаттарды ачкан филиалдарга жөнөтүлдү жана жакынкы убакыттын ичинде берилет.

Акциянын жыйынтыгы жөнүндө репортаж

Жанылыктар