Сатып алууларды биздин Банктын Visa карталары менен жүргүзүү эми пайдалуу болуп калды! Курстук айырма – 0 сом!

28 бештин айы 2017

Эми «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» эл аралык Visa карталарын колдонуп Кыргыз Республикасындагы каалаган банктын пос-терминалы аркылуу төлөө учурунда курстук айырма 0 сомду түзөт.

Банктын кардарлары үчүн – бул эң сонун мүмкүнчүлүк, дүкөндө биздин Банктын терминалы жок болгон учурда накталай акча же карта мененби деген тандоо болбойт – сиз убакытыңыз менен акчаңызды үнөмдөйсүз.  

“Кыргызстандагы банктар эл аралык системалар боюнча өз ара эсептерди чет өлкөлүк валютада жүргүзөт. Ушуга байланыштуу, эгерде кардар өзүнүн банкынын картасы менен башка банктын пос-терминалынан төлөсө, валютанын термелүү курсунан курстук айырма келип чыгат, мына ошол айырма кардардын счетунан алынат. Накталай эмес, анын ичинде эл аралык карталар менен дагы, төлөмдөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны колдоо жана биздин Банктын карта колдонуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында биздин Банк пайда болгон курстук айырманы төлөөнү өзүнө алат”, - деп билдирди «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААКтын Башкармасынын мүчөсү Аминат Гривцова.

Эскертүү: Курстук айырманы жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода тейлөө ишканаларында орнотулган бүт пос-терминалдардан Visa картасы менен төлөм жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасындагы банктардын интернет-эквайринги аркылуу жүргүзүлгөн интернет төлөмдөрүнө карата колдонулат.

Карталар тууралуу маалымат алуу же   on-line картага тапшырык берүү

Жанылыктар