Урматтуу кардарлар! №014-04-26 (Зеленая) сактык кассасы жаңы орунжайга көчтү

18 үчтүн айы 2019

Урматтуу Кардарлар жана Ɵнɵктɵштɵр!

№014-04-26 (Зеленая) сактык кассасы жаңы кенен орунжайга көчкөнүн кабарлоого кубанычтабыз. Дареги: Бишкек ш., К. Бобулов көч., 26 (Ош базары). Сактык кассанын юридикалык дареги өзгөрүлгөн жок, эми кеңсенин кире бериши проспект Чүйдөн орнотулган.

Бɵлүмдɵ ыңгалуу күтүү орундары, үч кассалык түйүн менен кенен операциондук зал  жана насыялоо боюнча бөлөк кабинет жайлаштырылган.

Кеңсе жеке жактар үчүн банк продукттурларынын толук спектр заманбап кызматтарын берет:

  • эсептерди (аманаттарды) ачуу жана аларды тейлөө;
  • насыялардын ар түрлөрүн берүү;
  • Аргымак, Золотая Корона, Контакт, Юнистрим, Western Union, MoneyGram акча которуу системалары менен иштөө;
  • Элкарт, Visa карталарын тейлөө;
  • ыңгайлуу курс менен акча алмаштыруу;
  • төлөмдөрдү кабыл алуу ж.б.
  • жана дагы сберкассада 24/7 иш тартиби менен банкомат коюлган.

Сактык кассанын иш тартиби: Дүйшөмбү-Жума 08:30-16:00. Тыныгуу: 12:00-13:00. Ишемби: 08:30-13;00.

Келиңиздер, Сиздерди күтөбүз!

Толук маалымат:

  • 0 (312/556) 61 3333
  • 0 (770/701) 3333 69
  • 0 (770) 3333 69 WhatsApp

 

Жанылыктар