Элкарт картасында ПИН-кодду кантип алмаштыруу керек?

26 чын куран 2019

Эгерде Элкарт картаңыздын ПИН-коду бөтөн адамга белгилүү болуп калса же болбосо сизге ыңгалуу сандарга  өзгөртөйүн десеңиз, төмөнкү кадамдарды жасаңыз.

ПИН-кодду алмаштыруу үчүн:

  • Банкоматка картаны салыңыз
  • ПИН-кодду жазыңыз
  • «ПИН-кодду алмаштыруу» иштемин тандаңыз
  • Жаңы ПИН-код жазып аны ырастаңыз
  • Картаны алыңыз.

ПИН-кодду алмаштыргандан кийин, бөтөн адамдарга бербеңиз.

Толук маалымат:

  • 0 (312/556) 61 33 33
  • 0 (701/770) 33 33 69
  • 0 (770) 3333 69 WhatsApp

Жанылыктар