Россиядан "Сбербанк Онлайн" колдонмосу аркылуу акча ал

27 аяк оона 2019

MBank Online колдонмосу менен колдонгон кардарлар үчүн бул маалымат жаңы эмес!

Бирок дагы эскертип кеткибиз келет, эми MBank Online колдонуучуларына «Сбербанк Онлайн» колдонмосу аркылуу Россиядан Кыргызстанга оңой акча жиберсе болот.

Муну кантип ишке ашыруу керек?

  1. Сбербанк Онлайн колдонмосунда "Которуу" - "Чет өлкөгө" жана "Чет өлкөлүк банкка" бөлүмдөрүн тандоо керек.
  2. Биздин Банкты тандап сумманы, алуучунун телефон номерин жазуу керек.
  3. Алуучунун аты-жөнүн текшерип, төлөмдү ырастоо керек.

Которуу ошол замат келип, биздин Банктын каалаган картасына которулат.

Акча которуунун комиссиясы суммадан 1% минималдуу 30 рубль. Күнүнө лимит 50 000 рубль.

Бул функция Android колдонуучуларына жеткиликтүү, iOS колдонуучуларына октябрдан баштап колдонууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Толук маалымат:

  • 0 (312/556) 61 33 33
  • 0 (701/770) 33 33 69
  • 0 (770) 3333 69 WhatsApp

Жанылыктар