"Монголия-Кыргызстан" акциянын жыйынтыктары чыгарылды

3 тогуздун айы 2019

2 айдын ичинде биз "Монголия-Кыргызстан" акциясын жүргүздүк. Бул акциянын жеңүүчүлөрү 15 октябрь күнү биздин  футбол боюнча курама командасы менен кошо Монголияга кетишет. 

Мынакей эми биз жыйынтыкты чыгардык!

Бул акциянын жеңүүчүлөрү 2 катышуучу болуп чыкты, алар шарттарга ылайык картасы аркылуу эң көп транзакцияларды жасашты!

Булар:

  • Караев Жээнбек
  • Сатыбалдиев Эльхан

Бул бактылуу адамдар Монголияга кетишет жана дагы Улан-Батордун стадионунда биздин курама командабызга  колдоо көрсөтүп келишет!!!

Жана дагы бизде атайын белек бар, 10 октябрь күнүндөгү боло турган Кыргызстан-Мьянма матчына Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясынан VIP зонага билет утуп алган кардар  Разулбек уулу Кубанычбек.

Чын жүрөктөн жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана алардын сапарынан фотосүрөттөрүн күтөбүз.

 

Жанылыктар