Төлөм шаблонун кантип түзүүгө болот?

17 бештин айы 2019

Ар бир жолу интернет, уюлдук байланыш, ЖКХ, ж. б. төлөмдөрдү кылууда кайра-кайра реквизиттерди жазуу кереги жок!

Атайын сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн, MBank Online-да «төлөмдөрдүн шаблону» функциясы бар.

 Сиз бир жолу төлөп туруп, ар бир жолу узун реквизиттерди жазбаш үчүн тиешелүү үлгүнү түзө аласыз!

Төлөм шаблонун кантип түзүүгө болот?

1. Төлөмдү жүргүзүү үчүн керектүү бөлүмдү тандайбыз.

 

2. Кийин, керектүү кызматты тандап, төлөмдүн реквизиттерин жазабыз.

3. Баардык маалыматты текшерип, төлөмдү тариздейбиз.  Кийин "Шаблонду түзүү" баскычын тандайбыз.

4. Шаблондун атын жазып, сактоону басыңыз. 

5. Сактагандан кийин сиз төлөмдү кайрадан кайра оңой жана тез, бир-эки басуу менен жүргүзүп койсоңуз болот. 

Толук маалымат алуу үчүн байланыш номерлер:

  • 0 (312/556) 61 33 33
  • 0 (701/770) 33 33 69
  • 0 (770) 33 33 69 WhatsApp


Жанылыктар