Абайлагыла! Алдамчылар!

5 бирдин айы 2020

Урматтуу кардарлар!

Акыркы мезгилде эл аралык акча которуу системаларын колдонуу аркылуу  соода-сатык алдамчылык схемалары көбөйүүдө.

Ошол себептен сиздерди автоунаа, уюлдук телефон, кымбат техника сатып алууда сак болууга чакырабыз!

Акчаны төмөнкү учурдарда эч качан которбоңуздар:

  • Эгерде сизден эл аралык акча которуу системасы аркылуу алдын ала төлөөнү суранып, бирок кодду билдирмейинче, алуучу жиберилген акчаны, сиз товарды алмайынча, ала албай тургандыгына ишендирген учурда; 
  • Эгерде сатуучу акчаны сиздин жакын тууганыңызга жиберүүнү сунуштап, ушуну тастыктоо үчүн ал тууралуу маалымат берүүнү суранса;
  • Сатуучу-алуучуга эч качан акча которуу арызын, номери бекитилген учурда да, сүрөткө тартып, сканын жибербеңиз. Бул которулган акчаны коду жок ала албай турганына кепилдик бербейт!

Ар бир чоң өлчөмдөгү сатып алуулар жана ири бүтүмдөр келишим түзүү аркылуу гана жүргүзүлүшү керек, ишеним туудурбаган бейтааныш адамдар байланышпаңыздар!

Толук маалымат:

  • 0 (312/556) 61 33 33
  • 0 (701/770) 33 33 69
  • 0 (770) 3333 69 WhatsApp

Жанылыктар