Насыя Департаментинин регионалдык менеджерлердин башкармалыгына адис (Бишкек ш.)

региондор: Бишкек шаары

жарыялоонун күнү: 23 теке 2019

"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы" ААК Насыя Департаментинин регионалдык менеджерлердин башкармалыгынын адисинин кызмат ордуна сынак жарыялайт.

Талаптар:

  • Жогорку экономикалык билим деңгээли;
  • Каржы-банк системасында кесипкөй иш тажрыйбасы - 3 жылдан кем эмес (акыркы иштеген кызмат орду насыялык бөлүмүнүн башчысы болсо- жогору бааланат);
  • Инициативдүүлүк, жоопкерчиликтик, жатыктуулук, стресске туруктулук, чоң көлөмдүү маалымат менен иштегенди билүү;
  • Оозеки жана кат түрүндө өз ой-пикирин так жана сабаттуу билдирүү;
  • Ченемделбеген жумуш күнгө жана иш сапарларга даярдык;
  • Банк жана каржы иш-аракеттерин жөнгө салган мыйзамдарды, ченемдин-укук акттарды жана инструктивдик документтерди билүү.

Милдеттер:

  • Насыялоодо Кыргыз Республикасынын, КРУБтын мыйзадык жана ченемдин акттарын, Банк Жетекчилигин, Директорлор кеңешинин ички ченемдик акттарын колдонгонун контролдоо;
  • Тескөө насыялык бөлүмдөрүнүн насыялоо боюнча Бизнес-пландын көрсөткүчтөрдүн жетишкендигин айкаштыруу;
  • Насыяны алуу, банк кепилдиги жана башка активдер жана милдеттенмелер, өз мааңиси менен насыянын ордуна жароочу (текст боюнча-насыя), алардын төлөө мөөнөттөрүн жана графитерди коюу, бекитилген тарифтердин арасында комиссияны жана проценттик чендерди коюу, төлөө графиктердин өзгөрүүсү жана башка суроолор, насыялоо иш-аракеттер боюнча чечимдерди өз алкагында кабыл алуу;
  • Насыялоонун процедуларына жараша насыялык бөлүмдөрдү контролдоо;
  • Насыялык бөлүмдөрдүн иштеринин жыйынтыктарын контролдоо жана анализдөө, алардын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн ченемдерди кабыл алуу, жана дагы насыялоо иш-аракеттердин ички контролун күчөтүү;
  • Банктын насыялык портфелиндеги проблемалуу жана мөөнөттүнөн өткөн насыялардын динамикасын мониторингтөө, мөөнөттүнөн өткөн карыздарды насыялык бөлүмдөр менен кошо кайтаруу иштерин жүргүзүү;
  • Филиалдардагы/Башкы офистеги/ Сактык кассалардын насыялык комитеттин ыйгарым укуктарын берүүгө сунуштарды киргизүү, жана дагы биринчи деңгээлиндеги насыялык комитетке насыялык бөлүмдөрдөн берилип жаткан арыздардын анализин кароосун жана жүргүзүүсүн көбөйтүү/азайтуу;;
  • Ички/тышкы аудитордук текшерүүнүн, КРУБтын инспектордук текшерүүнүн эскертүүлөрүн насыялык бөлүмүнүн адистери менен четтетилип жатканын контролдоо;
  • Башкармалыкка мекемелерден, жарандардан түшкөн арыздарды, сунуштарды жана даттанууларды кароо жана ылайыктуу ченемдерди берүү;
  • Насыялоо боюнча Банктын кызматкерлерине консультация берүү;
  • Башкармалыктын иш-аракеттери менен байланыштуу кат жазышууну жүргүзүү.

Жумуш шарттары:

  • КРнын Эмген кодексине ылайык жумушка алуу;
  • Шаардык борборундагы заманбап кеңседе иштөө.

Резюмени cv@cbk.kg дарегине жөнөтүңүздөр.

бардык вакансиялар