Офис техникасын тейлөөчү адис (Бишкек ш.)

региондор: Бишкек шаары

жарыялоонун күнү: 14 бирдин айы 2019

"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы" АКК ынтымактуу коллективи   Офис техникасын тейлөөчү адисти кызматташтыкка чакырат.

Талаптар:

  • Билим: информациялык технология тармагында бүтпөгөн жогорку/жогорку;
  • Иш тажрыйбасы - зарыл.

Төмөнкү кошумча квалификациялык талаптарга көңүл бурулат:

  • Түзмөктөр, техникалык мүнөздөгүчтөр, персоналдык компьютерлерди, принтерлерди, ар башкача коммутациондук жабдууларды тескөө;
  • Компьютердик жабдуунун эскплуатациясынын эрежелерин жана шарттарын билүү;
  • Уюштуруучулук жана коммуникативдик жөндөмү бар;
  • Кыргыз, орус, англис (айрыкча) билүү.

Милдеттери:

  • Программдык камсыздоону орнотуу жана тескөө;
  • Уюштуруучулук техниканы ремонт кылуу;
  • Ички телефондордун ишин контролдоо;
  • Программдык камсыздоонун, компьютерлердин эскплуатациясы боюнча филиалдарда, сактык кассаларда иштерин контролдоо жана персоналды консультациялоо;
  • Коммуникациондук жабдууларды орнотуу жана тескөө;
  • Локалдык тор дун ишин контролдоо.

Жумуш шарттары:

  • КРнын Эмген кодексине ылайык жумушка алуу;
  • Шаардык борборундагы заманбап кеңседе иштөө.

Резюмени cv@cbk.kg дарегине жөнөтүңүздөр.

бардык вакансиялар