РayWave / PayPass контактcыз технологиялары
Контактсыз технологиялар менен иштеген төлөм карталары жөнөкөй карталардан төлөмдү ошол замат жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен айырмаланат. Картанызды болгону гана - эсептөөчү түзүлүшкө тийгизиш керек.
Ушундай карталардын ичинде чип жана антенна бар, алар аркылуу терминалга маалымат жөнөтүлөт. Бул карталар убакытты баалагандар үчүн. Картаны кассирге берүү зарылчылыгы жок, сатып алуунуз же кызмат 1500 сомдон аз болсо, ПИН-кодду киргизүү талап кылынбайт.
Азыркы учурда Visa жана MasterCard контактсыз технологияларды сунуш кылат |
Контактсыз технологиялар менен карталардын артыкчылыктары:
— Жогорку ылдамдыкта төлөмду жүргүзүү.
— Картаны кассирге берүү зарылчылыгы жок.
— ПИН-кодду киргизүү талап кылынбайт (сатып алуунуз же кызмат үчүн төлөм суткасына 1500 сомдон аз болсо же башка валютада эквиваленти)
— Контактсыз карталар механикалык таасирге азыраак дуушар болот.
— Ылдам тейлөө керек жерде, мисалы кафе, дүкөн, май куйуучу бекеттер жана аз сумма талап кылынган учурда абдан пайдалуу
— Кадимки банкоматтарда жана терминалдарда колдонсо болот
— 30 дан ашык өлкөдө кабыл алынат
Контактсыз карталар менен кандай колдонуш керек?
Контактсыз төлөмдөрдү Visa payWave либо MasterCard PayPass логотиптери бар жерде мүмкүн. Сатып алуу тартиби төмөнкүдөй: