Акча которуулары

Биз эсеп ачпай эле акча которуу системасынын кеңири спектрин сунуштайбыз.

Сиз досторуңузга, туугандарыңызга же жакындарыңызга акча которушуңуз керекпи? Дүйнөнүн каалаган жерине акчаны кантип которуу керектигин билбей турасызбы? Чет өлкөгө акча которгон эң ишенимдүү жана ыкчам банкты издеп жүрөсүзбү? Акчаны кантип жиберип, которулган акча кайсы жерден берилери сизди кызыктырабы? 

Биз кардарларды тейлөөдө мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүп, акча каражатыңыздын чукул мөөнөттө ыкчам жана коопсуз жеткирилишин кепилдейбиз.

Акча которуулар системасынын артыкчылыктары:

  • акча которуунун жөнөкөйлүгү (зарыл документтер биздин кызматкер тарабынан толтурулат);
  • 15 мүнөттүн ичинде акча которууну жеткирүү ылдамдыгы;
  • дүйнө жүзү боюнча которуулар;
  • бүткүл Республика боюнча 48ден ашык филиал "КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы" ААКнын кардарларынын кызматында;
  • чет өлкө валютасында акча которуу: рубль, АКШ доллары, евро, теңге, сом;
  • абсолюттук ишенимдүүлүк жана коопсуздук.

Акчаны кантип которсо болот?

  • акча Башкы офистен жана бүткүл Республика боюнча Банктын бардык филиалдарынан жиберилиши мүмкүн;
  • өздүгүн тастыктаган документти (паспорт) берүү;
  • операторго алуучунун аты-жөнүн, телефон номерин жана акча которуунун суммасын маалымдоо;
  • акча которуунун жана комиссиянын суммасын төлөө;
  • акча которууга дайындалган которуунун контролдук номери жөнүндө алуучуга билдирүү.

Акчаны кантип алса болот?

  • акча Башкы офистен жана бүткүл Республика боюнча Банктын бардык филиалдарынан алыш мүмкүн;
  • өздүгүн тастыктаган документти (паспорт) берүү;
  • которуунун контролдук номерин жана суммасын маалымдоо;
  • которуунун суммасын Банктын кассасынан алуу (алуучудан комиссия алынбайт).

Которуунун контролдук номери кандай (которуунун коду) жана ал кандай кепилдик берет?

Чыгуучу которууну жөнөтүүдө ар бир акча которууга автоматтык түрдө уникалдуу номер берилет, ал которууну идентификациялоочу каражат болуп саналат, аны жөнөтүүчү которууну алуучуга гана билдириши керек. Оператор кардарга алдамчылыктын тобокелдиктери жөнүндө, анын ичинде квитанциянын көчүрмөсүн берүүгө тыюу салууну жана үчүнчү жактарга которуунун реквизиттерин (контролдук номерди, алуучунун аты-жөнү, акча которуунун суммасы) жөнүндө жана алуу пунктунда берилген шарттарды, ошондой эле жөнөтүүчү үчүн башка маалыматтарды маалымдоосу керек.