Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын кызматташуусу башталды

26 бугу 2016

2016-жылдын 25-майында Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын ортосунда чакан жана орто бизнести финансылоого насыялык каражат берүү тууралуу Келишимге кол коюлду.

Ишкерлер женилдетилген насыяларды айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай өндүрүшү, кийим тигүү жана текстиль тармактарында колдоно алышат. Ошондой эле насыяны узун мөөнөттүү инвестициялоо максатында өнөр жай шаймандарын жаңыртуу үчүн колдонууга болот.

Жеңилдетилген насыялар улуттук валютада жылдык 12 % ченинде жана АКШ долларында 5% ченинде берилет, насыялоо мөөнөтү 3 айдан 60 айга чейин.

 

 

Долбоор менен толугураак бул жерден таанышсаныз болот.

Жанылыктар