Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду аймактарда бизнес-жолугушууларды өткөзүп жатат
Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!
Банктын өнөктөшү, Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду, Кыргызстандын жкономикалык потенциалын онуктуруу максатында аймактарда бизнес-жолугушууларды өткөзүп жатат. Бизнес-жолугушуулар жаңы өнөктөштөрдү табууга, Фонд менен бизнестин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жана өнөктөш-банктар арасында пикир жана маалымат алмашууга жардам берет.
Төмөндө бизнес-жолугушуулардын тизмеси менен таанышсаңыз болот:
11-чи Август – 9:30 – 12:30, Кара-Балта ш., Жайыл районунун мамлекеттик администрациясыны имараты, Т.Кожомбердиев көч., 102
12-чи Август – 9:30 – 12:30, Талас ш., КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Бердике баатыр көч. 287
16-чы Август – 14:00 – 17-00, Баткен ш., КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Т. Сададыков, көч., 1
17-чи Август – 9:30 – 12:30, Джалал-Абад ш.,КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Эркиндик көч.,11
18-чи Август – 9:30 – 12:30, Ош ш., КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Ленин көч., 221
24-го Августа – 9:30 – 12:30, г. Нарын, Ош, КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн имараты, Ленин көч.,, 76
Маалымат: 2016-жылдын 25-майында Россия-Кыргыз өнүгүү Фонду менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКтын ортосунда чакан жана орто бизнести финансылоого насыялык каражат берүү тууралуу Келишимге кол коюлду. Келишимдин негизинде Банк $7,5 млн. каражат алды.