Эсебиңди "Мобильник" төлөм терминалдары аркылуу толукта

31 тогуздун айы 2017

Урматуу кардарлар!

Биздин банктын карталарын (Visa, Золотая Корона, MasterCard, Элкарт) эми "Мобильник" төлөм терминалдары аркылуу толуктоо мүмкүнчүлүгү пайда болду.

  • Толуктоо үчүн коомиссия 1,5% түзөт, башкача айтканда эгер 1000 сом эсебинизде салсаңыз комиссиясы болгону 15 сомду түзөт.
  • Минималдуу толуктоо суммасы 5 сом, максималдуу сумма 10 000 сом бир толуктоо үчүн.  

 

Эсепти кантип толуктоо керек?

Толуктоо үчүн "Мобильник" төлөм терминалында "Услуги банков" бөлүмүндө «CBK MBANK - пополнение счета» баскычын басууңуз зарыл.   

Эсепти Мобилдик банкинг кызматына кошулгандар жана кошула элек кардарлар толуктай алат.

  • Мобилдик банкинг кызматына кошулган кардарларга толуктоо женилирээк, жөн гана телефон номериңизди 996..... форматында жазуу керек. Эгер Мобилдик кызматына бир нече эсеп кошулган болсо (карталар, аманат эсептер), акча каражаттары Мобилдик банкинг кайсыга номерге көмүскө боюнча орнотулган болсо ошол номерге жөнөтүлөт.
  • Мобилдик кызматы жок кардарлар 16 сандуу картанын эсебин жазуу керек (Байланыш борборуна чалып билсеңиз болот, номерлер ылдый жакта).

Эсепти каалаган валютада толуктоо мүмкүн. Мисалы, эгер сизде картаңыз доллар менен болсо, сом менен толуктасаңыз болот, акча каражаттары автоматтуу түрдө долларга айланат (конвертация).

Банктардын иштөө убактысына көз каранды болбоо мүмкүнүчүлүгү пайда болду.

 

Күнү-түнү колдоо кызматы:
0 (312) 61 3333
0 (556) 61 3333
0 (770) 3333 69
0 (701) 3333 69

Жанылыктар