11-декабрда Бишкектеги И. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында биринчи Street-workout аянтчасы ачылды. КММАнын студенттерине бул аянтчаны Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН белек кылды.

11 бештин айы 2017

2017-жылдын 11-декабрында Бишкектеги И. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясында Street-workout аянтчасы ачылды. КММАнын студенттери үчүн жасалган бул аянтчанын долбоору менен курулушун  Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН өзүнө алган.

Аянтча дүйнөдөгү өндүрүш жагынын №1 Workoutтун KENGURU аталышындагы спорттук жабдыгы менен жабдылды.

Бул аянтчанын ачылышы жаштарга, өзгөчө ири шаардын тургундары үчүн спорт менен машыгуу маанилүү экенин көрсөттү.

Мындай аянтчалар спорттон канааттанып, өз тулку боюн мыкты формада кармап жүрүүгө мыкты кадам болот. Албетте, мындай жабдыктар менен машыгуу акысыз болууда. Биз аянтчанын ачылышы аркылуу спорт менен машыгуу бардыгына жеткиликтүү экенин көрсөткүбүз келет.

Аянтчанын ачылышы аземиндеги мелдешти уюштурууда КММА студенттеринин атынан Аблай Сарсебековго жана окуу жайдын ректору Кудайбергенова Индира Орозбаевнага, Кыргызстандагы Street Workout Kyrgyzstan федерациясына ыраазычылык билдиребиз.

Жанылыктар