"Кыялымдагыдай жайды кандай өткөрөм" балдар сүрөт сынагы

15 бугу 2018

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр,

2018 жылдын 16 майдан балдар сүрөтүнүн сынагын башталганын жарыялайбыз.

Сынакта 14 жашка чейинки балдар катышса болот.

Сүрөттү сынактын темасына "Кыялымдагыдай жайды кандай өткөрөм" карата тартып, ата-энелер баланын чыгарчасын биздин жюриге, төмөнкү мүмкүнчүлүктөр менен берип жиберсеңиздер болот:

1. marketing@cbk.kg электрондук дарекке

2. Банктын бөлүмдөрү аркылуу, баланын аты-жөнүн, кайсы бөлүмгө сүрөттү калтырганыңызды Контакт борборуна айтып

2018 жылдын 28 майга чейин сүрөттөр кабыл алынат.

Сынакта катышкандардын ата-энелери, арызды толтуруп бөлүмдөргө калтырса болот, же болбосо Контакт борборуна төмөнкү номерлер аркылуу чалып:

  • 0 (312/556) 61 33 33
  • 0 (770/701) 33 33 69

Сүрөттөргө талаптар:

  • каалаган материалда (ватман, картон, холст ж.б.)
  • каалаган техникада (масло, акварель, тушь, боор, түстүү карандаш ж.б.)
  • А4 форматында
  • берилген тематикага ылайыктуу

Конкурстун катышуучулары жашка ыйлайыктуу 3 тайпага бөлүнгөн:

  • 5 жашка чейин
  • 6 жаштан баштап 10 жашка чейинки
  • 11 жаштан баштап 14 жашка чейинки

Ар бир жашка ылактуу тайпада өз жеңичүүсү аныкталат.  

!!! Конкурстун жеңичүүлөрүнүн ата-энелери да белексиз калбайт - аларга биз акысыз банктык карталарын чыгарып беребиз, өз калоосу менен баланын конкурстагы тарткан сүрөтүн же баласынын сүрөтүн койдуруп алса болот.

Белектерди жана дипломдорду, жана дагы индивидуалдуу дизайн менен жасалган карталар ата-энелерге Банктын башкы офисинде тапшырылат.

Сынакта катышуу арызында Сиздердин жана Сиздин балаңыздын персоналдуу маалыматтары менен иштөөгө макулдугуңузду ичинде камтыйт.

Сүрөт сынагында катышуу арызы.doc

Жанылыктар