Базар-Коргон филиалынын №014-26-75 сактык кассасынын башчысы (Жалал-Абад обл.)
региондор: Жалал-Абад областы
жарыялоонун күнү: 20 жетинин айы 2017
Базар-Коргон филиалынын №014-26-75 сактык кассасынын башчысы кызмат ордуна сынак жарыяланат (Жалал-Абад обл.)
Талапкерге коюлган милдеттүү талаптар:
- Билим деңгээли- жогорку экономикалык билим, "Банк учетунун бухгалтери 1-деңгээл" IBTCI жана "Төлөм каражаттарынын аныктыгын ырастоо 1-деңгээл" сертификаттарынын болушу артыкчылыкка ээ.
- Каржы-кредиттик тармакта адистиги боюнча иш тажрыйбасы - 3 жылдан кем эмес;
- Бухгалтердик адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес.
Төмөнкү кошумча квалификациялык талаптарга да көңүл бурулат:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу саясатынын негизги жоболорун, нускамаларын, ченемдик көрсөтмөлөрүн билүү;
- Иш контролдукту ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын "Терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырууга (акчанын изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын талаптарын билүү;
- Каржалык эсепке алуу жана отчеттулук техникасын билүү;
- Каржы арифметикасынын техникасын билүү;
- Банк операцияларын аткаруу жол-жоболорун жана өзгөчө Операциялык бөлүмүнүн функцияларын аткарууга байланыштуу операциялар менен иштей билүү;
- Кардар базасынын өзгөчүлүктөрү менен иш алып баруу;
- Иш кагаздардын жүргүзүү негиздерин практикада колдоно билүү;
- Жетекчиликтин тапшырмаларын аткаруудагы тактык;
- Word, Excel жана башка офис техникалары менен иштей билүү.
Резюмени талап кылынган позицияны көрсөтүү менен cv@cbk.kg дарегине жөнөтүңүздөр.