Алтын куймалар жарандарга сатыла баштады
Урматтуу кардарлар!
Биз Улуттук банк тарабынан чыгарылган өлчөнгөн алтын куймаларды сата баштадык. Алтын куймалардын салмагы 1 гр., 2 гр., 5 гр., 10 гр., 31,1035 гр. жана 100 гр. Бардык куймалар, 100 граммдан башка, коргоочу каптама-сертификатка ээ. Каптама-сертификаттын бүтүндүгү - алтын куйманын аныктыгын тастыктайт жана кайра сатып алууда кепилдик берет.
Банктын баалуу металлдар тармагында иш жүргүзүүсү, кардарларга ишенимдүү инвестициялоого жаңы жол ачарына ишенебиз.
Алтын — туруктуу жана ишенимдүү акча сактоонун ыкмаларынын бири болуп эсептелинет.
Алтындын артыкчылыктары:
- Инфляциялык процесстерге туруктуу;
- Жылдар бою баасы стабилдүү өсүүдө;
- Жеткиликтүү жана ишенимдүү акча салуунун ыкмасы.
Эгерде Сиз алтын куймаларын сатып алууну кааласаңыз, төмөнкү телефон номерлерине чалып сатып алууга өтүнүчүңүздү калтырсаңыз болот.
Күнү-түнү:
- 0 (312) 61 3333
- 0 (556) 61 3333
- 0 (770) 3333 69
- 0 (701) 3333 69
Алтын куймалар тууралуу толук маалымат менен бул жерден таанышсаңыз болот.