Өлчөнгөн алтын куймалар

2016-жылдын 15-июнунда  "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" ААКсы  баалуу металлдардан жасалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү жөнүндө чечим чыкты.

 

Алтын куймалардын чен-өлчөмдөрү 

Салмагы, грамм        

Сапат белгиси           

Туурасы,мм    

Узундугу,мм    

Кошумча

1 999,9 8 13,8 Каптама-сертификаттын ичинде   
2 999,9 11 18,9 Каптама-сертификаттын ичинде  
5 999,9 14 24,1 Каптама-сертификаттын ичинде  
10 999,9 15 25,8 Каптама-сертификаттын ичинде  
31,1035 999,9 22 37,9 Каптама-сертификаттын ичинде  
100 999,9 27 45
Каптама-сертификатты жок,
полиэтилен каптын ичинде.

  

 

Алтын куймалар менен колдонуу эрежелери:

  • Алтын куймалар катуу урунуудан сактоочу шарттарда сакталыш керек.
  • Химиялык кошулмалары бар заттар менен (тиричилик химиясынын товарлары, косметикалык каражаттар ж.б.) өз ара аракеттешүүсун болтурбоо зарыл. Хлор, йод жана сымаптын кошулмалары өзгөчө коркунучтуу.
  • 1 гр., 2 гр., 5 гр., 10 гр., жана 31,1035 граммдагы өлчөнгөн алтын куймалар атайын коргоочу каптама-сертификаттын ичинде сакталат,  каптама куйманы механикалык урунуудан, кирдоодон жана кычкылдануудан сактайт. 100 граммдык алтын куймалардын каптама-сертификатты жок,
    алар полиэтилен каптын гана ичинде болот.
  • Сапат белгиси (999,9) абдан жогору баалуу металлдар - абдан жумшак болушат, ошондуктан колдун, кездеменин же кагаз майлыктын тийиши металл бетинде чийиндерди пайда кылат. Каптаманын ачылышынан металлдын кирдеши же механикалык зыян болуу коркунучу жогорулайт.
  • 100 граммдык куймалар менен иштеп жатканда пахта кагаздан жасалган кол каптарды колдонуу керек. Куйманы алганда, четинен кармоо керек.
  • Каптама-сертификаттын бүтүндүгү - алтын куйманын аныктыгын тастыктайт жана кайра сатып алууда кепилдик берет. Каптама жабыркаса же жок болсо, куйма КРУБга тастыктоочу экспертизага жөнөтүлөт. Экпертизадан өткөзүү үчүн кайра алуу баасынан 7% акы алынат.

 

Алтын куймалардын баасы менен сайттын башкы баракчасында, "Алтын" кошумча баракчасын басып таанышсаныз болот.