Банк жабдууларын жаңылоо - банк кызматтарынын ишинде убактылуу кыйынчылыктар

20 жетинин айы 2017

Урматтуу кардарлар!

 

Акыркы 2 күн, 19.11.17 баштап, Банк жабдууларынын масштабдуу жаңылоо иштерин жүргүзүп жатат. Кардарлардын саны өскөнүнө байланыштуу биз кубаттуу, жаңы серверлерге оттүк.

Чоң көлөмдөгү базанын которулушу убактылуу кыйынчылыктарды пайда кылды. Мобилдик банкинг кызматы жана Золотая Корона карталарын толуктоо 2 күн жеткиликтүү эмес болду. 

Бул иштер кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн жана тейлөө ылдамдыгын жогорулатуу максатында жасалып жатат. Биздин кызматкерлер күнүүнү оңдоо иштерин  жүргүзүп жатат, буюрса иштер соңуна чыгып калды. Сиздин колдооңузга жана түшүнүүңүзгө ишенебиз.

Visa, MasterCard, Элкарт карталары, банкоматтар жана pos-терминалдар иштеп жатат. 

Иштердин бүткөндүгү тууралуу кошумча маалымдайбыз.

Ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.

 

Толук маалыматты күнүүнү иштөөчү контакт-борборунан алсаңыз болот:
0 (312) 61 3333
0 (556) 61 3333
0 (770) 3333 69
0 (701) 3333 69

Жанылыктар