интернет-банкинг дайыма ачык
Биз Интернет-Банкинг аркылуу акча каржаттарды башкарууга ыңгайлуу жана жөнөкөй чечим сунуштайбыз. Бул сервистин жардамы менен Сиз өз эсебиңизди башкарып жана бул сервис аркылуу Интернет тармагы менен төлөө операцияларын жүргүзө аласыз.
Интернет-банкинг ыңгайлуулукту жана убакытты үнөмдөөнү камсыздайт, анткени операцияларды жасоо үчүн банкка келип, жолго убакытты коротуу кереги жок. Сиз банктын кызматтарын өзүңүзгө ыңгайлуу убакытта колдонсоңуз болот.
Интернет-банкинг кызматы аркылуу Сиз төмөнкү операцияларды жасай аласыз:
- Акча каражаттарды өз эсебиңиздин арасында которуу;
- Аманатты “Сурап алганга чейин” эсебинен толуктоо;
- Үзгүлтүксүз төлөмдөр;
- Клиринг системасы аркылуу улуттук валютадагы төлөмдөр;
- Гросс системасы аркылуу улуттук валютадагы төлөмдөр;
- SWIFT системасы аркылуу чет өлкөлүк валатадагы төлөмдөр;
- Валюталарды алмаштыруу;
- Насыяларды тындыруу;
- Насыя тууралуу маалыматты көрүү: убакыттагы карыз, төлөмдөрдүн тарыхы, тындыруунун графиги;
- Эсеп тууралуу маалыматты көрүү: калдык, көчүрмөлөр, операциялардын тарыхы.
Көрсөтүлгөн кызматтардан тышкары, колдонуучуларга убакытты үнөмдөп, аны эркин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Интернет-банкинг банктык офиске караганда белгилүү убакытта гана иштебейт, күнүнө 24 саат, жумасына 7 күн жеткиликтүү.
Интернет-банкинг кызматы менен юридикалык, физикалык жактар да колдоно алат..
Физикалык жак үчүн кызматтын тарифтери::
- Туташтыруу - акысыз
- Абоненттик төлөм - акысыз
Юридикалык жак үчүн кызматтын тарифтери:
- Туташтыруу - акысыз
- Электрондук ачкычты берүү (сертификатты) - 300 сом
- Абоненттик төлөм - 300 сом
- Чектелген функцияларды колдонуу (балансты көрүү) - 0 сом