Ички аудит кызматына башкы адис позициясына сынак жарыяланат (Бишкек)
региондор: Бишкек шаары
жарыялоонун күнү: 5 бирдин айы 2018
Ички аудит кызматына башкы адис кызмат ордуна сынак жарыяланат.
Жалпы талаптары:
- Билим денгээли - жогорку экономикалык.
- КР Улуттук банктын жоболорунда көрсөтүлгөн: банк, каржы системаларында, же болбосо аудит жүргүзгөн кызматта - 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Төмөнкү кошумча квалификациялык талаптарга көңүл бурулат:
- Эл аралык аудит мыйзамдарын билүү;
- Эл аралык каржы жана бугалтердик эсеп-кысабтын стандарттары менен иштегенди билүү;
- КР Улуттук банктын ченемдүү акттарын билүү;
- Банк системасынын операция-бугалтердик тармагындагы билимге ээ болуу.
Резюмени cv@cbk.kg дарегине жөнөтүңүздөр.