Корпоративдик насыялоо бөлүмүнүн башкы адиси (Бишкек ш.)

региондор: Бишкек шаары

жарыялоонун күнү: 8 тогуздун айы 2020

"Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН" ААК: "Корпоративдик насыялоо бөлүмүнүн башкы адиси" кызмат ордуна сынак жарыялайт.

Талаптар:

  • Билим деңгээли - жогорку экономикалык билим;
  • Каржы-насыя чөйрөсүндө адистиги боюнча иш стажы - 2 жылдан кем эмес.

Төмөнкү кошумча квалификациялык талаптарга көңүл бурулат:

  • Банк тарабынан колдонулган финансылык анализ методикасы;
  • Банк операцияларын жана, атап айтканда, кредиттөө бөлүмүнүн функцияларын жүзөгө ашырууга байланыштуу операцияларды жүргүзүү жол-жоболору;
  • Маркетингдин негиздери;
  • Насыя берүү боюнча ченемдик документтерди билүү;
  • Жолугушууларды, талкууларды өткөрүү тажрыйбасы;
  • Уюштуруучулук жөндөмдүн болушу.

Милдеттер:

  • Рынокту талдоо, иштеп жаткан насыя продуктыларына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү;
  • Жаңы кредит өнүмдөрүн иштеп чыгаруу жана ишке киргизүү;
  • Ченемдик документтерди иштеп чыгаруу;
  • Тартылган ресурстардын өнүгүшүн контролдоо;
  • Кыргызстандагы чет элдик банктардын өкүлдөрү менен иштөө, тейлөө жана тыгыз байланышты уюштуруу.

Жумуш шарттары:

  • КРнын Эмген кодексине ылайык жумушка алуу, КРнын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык коомдук пакет каралат.
  • Шаардык борборундагы заманбап кеңседе иштөө.

бардык вакансиялар