Кайрымдуулук

Бүткүл дүйнөлүк акча жумасына (Global Money Week-2019) карата иш-чара! 26.03.2019

Ɵткɵн жумада аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы келечектеги профессияларын ченөөгө мүмкүнчүлүк берди. 20дан ашык бала "Профессия шаарчасында" сейилдеп, балким биринчи жолу "Ким болом?" деген суроого жооп бергени аракет кылышты.

Бүткүл дүйнөлүк акча жумасына (Global Money Week-2019) карата бул акция жүргүзүлдү.Бул каржылык сабаттуулукту көтөрүп турган жыл сайын эл аралык билим иш-чарасы болуп саналат. Бул кампанияга өзүбүздүн салымды кошууга кубанычтабыз.

Балдар убакытты рахаттанып гана эмес, пайдалуу жагынан да өткөрүштү. Эми алар, эмнеге акчаны чөнтөктө эмес, банкта сактоо коркунучсуздугун, аманат менен насыянын айырмасын жана башканы билишти. Сиздер менен жакшы эмоцияларыбыз менен бөлүшкөнгө кубанычтабыз! 

Иш-чара жөнүндө толук видео-репортаж

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата шахмат турнири! 28.11.2018 - 30.11.2018

Шахмат Федерациясы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен кошо уюштурган, 2018 жылдын 28 ноябрдан  30 ноябрга чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында  Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.

Турнир ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата арналган (3 декабрь).

"КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы" бул чаранын демөөрчүсү болду, себеби балдарга колдоо көрсөтүү аябай зарыл. Балдар толук ченеминде өз таланттарын ачып жана өздөрүн толук жарай турган коомдун мүчөсү болуп сезгиси келишет.

Чаранын милдети бул коомдун гумандаштырылышы жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын биргелешүү   маселесине көңүл буруу.

Жарышта 52 бала катышты!

Чын жүрөктөн жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды куттуктайбыз!

кайра байланыш кайра чалуу +996 (770) 33 33 69 cbkkg_bot