"Көрүшкөнчө!" акциясы

10 аяк оона 2021

Жаңы жылды жакын адамың менен чогуу тосконго уникалдуу мүмкүнчүлүк берилет – КЫРГЫЗСТАН банкы аркылуу акча которууларды алып, утушка ээ болуңуз.

2021-жылдын 10 сентябрынан 20 декабрын кошуп алгандагы мазгил аралыгында «Сбербанк Онлайн-дан» «MBank Online-га»  акча которуп, Жаңы жылда жакын адамыңыз менен көрүшүү мүмкүнчүлүгүн алыңыз!

Акциянын катышуучусу болуу үчүн эмне кылуу керек?

  • КЫРГЫЗСТАН банкынын картасы болуусу жана ал MBank Online кызмат көрсөтүүсүнө коштурулуусу керек.
  • Сизде дагы эле карта жокпу? Анда картаны БУЛ ЖЕРДЕН сайтынан онлайн ачсаңыз болот.
  • Сизде биздин карта бар, бирок MBank Online-га коштурулган эмеспи? Анда БУЛ ЖЕРДЕН ыңгайлуу кызмат көрсөтүүнү коштуруп, төлөмдөрдү жүргүзүңүз (коммуналдык кызматтар, уюлдук байланыш, салыктар, айып пулдар), Россиядан акча которууларды алыңыз жана башка дагы көп мүмкүнчүлүктөргө ээ болуңуз!

Сизди кандай приз күтүп турат?

  • Россия Федерациясы – Кыргыз Республикасы – Россия Федерациясы (же Кыргыз Республикасы – Россия Федерациясы – Кыргыз Республикасы) багыты боюнча авиабилет. Учуу датасын авиакомпаниянын эрежелери менен шарттарына ылайык жеңүүчү Туристтик агенттик менен биргеликте тандайт.

Жеңүүчүлөр – «Сбербанк Онлайн-дан» «MBank Online-га» акча которууларды алган акциянын үч катышуучусу.

  • 1-жеңүүчү - «Сбербанк Онлайн-дан» «MBank Online-га» максималдуу акча которууларды алган катышуучу.
  • 2-жеңүүчү - «Сбербанк Онлайн-дан» «MBank Online-га» которулган акчаны алган 5 000-чи кардар.
  • 3-жеңүүчү - «Сбербанк Онлайн-дан» «MBank Online-га» которулган акчаны алган 7 000-чи кардар.

Эгерде акциянын бир нече катышуучусунун арасында бирдей сандагы акча которууларды алгандар болсо, жеңүүчү акча которуулардын максималдуу суммасына жараша аныкталат.

Эгерде акча которуулардын суммасы дагы бирдей болуп чыкса, жеңүүчү алфавиттик тартипте тандалат.

! Милдеттүү шарт: ар бир катышуучунун акча жүгүртүүсү бир календардык ай ичинде 100 000 сомдон ашпоосу зарыл.

"Көрүшкөнчө!" акциясынын эрежелери

бардык акциялар