Россиядан Кыргызстанга тез которуулар - TINKOFF-дон MBank-ка телефон номери аркылуу

Эми Россиядан Кыргызстанга акча которуу оңой болуп калды!

Сиз Tinkoff банкынын мобилдик тиркемеси аркылуу MBankтын колдонуучусуна 996 форматындагы алуучунун телефон номерин гана билип акча жөнөтө аласыз. Которуу заматта келип, акча биздин банктын каалаган картасына автоматтык түрдө чегерилет.

Жөнөтүүчүнүн шарттары:

  • Жөнөтүү үчүн минималдуу сумма - 10 рубль
  • Күнүмдүк чектөө - 5 000$ (бүтүм учурунда АК Тинькофф курсу боюнча рубль эквиваленте)
  • Күнүнө 20 которуудан ашык эмес, айына 1,5 миллион рубльга чейин
  • Комиссия 1%

БИЗДИН КАРТАГА TINKOFF АРКЫЛУУ КАНТИП КОТОРУУ КЕРЕК?

«Төлөмдөр» бөлүмүнөн «Телефон номери боюнча которууну» тандаңыз.

Андан кийин Tinkoff тиркемеси телефондун контакттарына өткөрөт. Өлкө кодун басыңыз.

Кыргызстан +996*** тандаңыз.

Андан кийин, MBank Online кызматы туташтырылган алуучунун телефон номерин териңиз.

Алуучунун аты-жөнүн текшерип, которуунун суммасын киргизип жана төлөмдү тастыктаңыз.

Болду! Алуучунун картасына которуу ошол замат түшөт.

БАНК КАРТАСЫНА ЗАКАЗ БЕРҮҮ

Тиркемени Google Play аркылуу жүктөп алыңыз                     

Тиркемени App Store аркылуу жүктөп алыңыз