Жакында MBankтын масштабдуу жаңыртуусу! Тиркеменин жаңы версиясы андан да жеңил жана ыңгайлуу!

8 бештин айы 2021

Урматтуу кардарлар жана өнөктөштөр!

Жакынкы келечекте биздин MBank тиркемесинин масштабдуу жаңыртуусу күтүлүп жатканын кабарлоого кубанычтабыз. MBank-тын жаңы версиясында дизайн толугу менен өзгөртүлүп, функционалдуулугу кеңейтилген. Сиздин ынгайлуулугуңуз үчүн бир тиркемеде азыр андан да сонун жаңы өнүмдөр бар!

Биз тынымсыз мобилдик тиркемени өркүндөтүү процессиндебиз жана келечекте MBank сиздер үчүн жаңы функцияларды колдонууга ыңгайлуулукту сунуштайт.

MBank-тын Жаңы жылдык жаңыртуусу – бул таптакыр жаңы дизайн. Колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн жаңы интерфейсте бардык керектүү маалыматтар башкы баракчада турат.

Жалпысынан MBank-тын  жаңы версиясында жаңы дизайн менен кошо көптөгөн жаңы жана пайдалуу функциялары бар, анын ичинде эми ​​сиз картанын номери аркылуу тиркемеге кире аласыз.

 

ЖАҢЫРТУУДАН КИЙИН КАНДАЙ ФУНКЦИЯЛАР БАР?

 MBank сиз үчүн мурунку бардык функцияларды сактап жана өркүндөттү.

  1. Башкы бетте, стористерде акыркы жаңылыктар жана жарнамалар көрсөтүлөт
  2. Бир айга жумшалган каражаттарыңызга өтүп, чыгашаларыңызды талдаңыз. Тиркеме транспорттук төлөмдөрдөн тбаштап интернет төлөмдөргө чейинки бардык чыгымдарды ачык көрсөтөт.
  3. "Эсеп жана карта" жөндөөлөрүндө сиз учурдагы/карта эсебинин бар экендиги жөнүндө справкага заказ берсеңиз болот. Бир нече секунданын ичинде почтаңызга справка тиркеме аркылуу жөнөтүлөт. Документте эсептин реквизиттери, справка алган күндөгү акча каражаттарынын калдыгы камтылат.
  4. В настройках «счета и карты» можно заказать справку о наличии расчетного/карточного счета. В считанные секунды на вашу почту придет вложение справки. В документе будут реквизиты счета, остаток средств в день получения справки.
  5. Ошол замат сиз каалаган тиркеме аркылуу алуучуга жөнөтө турган реквизиттерге кире аласыз.
  6. Жаңы тиркемеде эсепти жабуу дагы жеткиликтүү.
  7. Сиздин эсебиңиздеги акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалымат алуу үчүн сиз SMS-билдирүүлөрдү туташтыра аласыз.
  8. Картанын тиркемесинде Сиз Банктын кеңселерине барбастан жаңысына заказ кылсаңыз же картаны кайра чыгара аласыз.
  9. Эми сиз балансты же эсепти тиркеменин негизги экранында жашыра аласыз.
  10. Тиркемеде сиз калькулятордун жардамы менен алмашуу курсунун айырмасын эсептей аласыз.
  11. Жана дагы актуалдуу жана керектүү кызматтар жеткиликтүү болот: Kassir.kg, Unisports.kg, Cars.kg жана Rabota.Ru.

Жаңыланган MBank-тан сиз ыңгайлуу жана интуитивдик интерфейсти таба аласыз, анда сиз төлөм аймагын көрө аласыз, теманы жарыктан караңгыга өзгөртө аласыз. Жаңы функциялардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында тиркеме колдонууга ыңгайлуу жана тезирээк болуп калды.

MBank - бир тиркемеде көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр!


Маанилүү! Тилекке каршы, жаңы MBank-тын биринчи чыгарылышында "Төлөм шаблону" функциясы убактылуу иштебейт. Буга байланыштуу, биз сизден алдын ала төлөм реквизиттериңизди сактоону/жазууну суранабыз.

Жанылыктар