Эми төлөмдү кабыл алуу үчүн pos-терминал смартфонуңузда!

17 баш оона 2022

Биз жаңы продукт ишке киргиздик - MPOS тиркемеси чакан жана орто бизнеске смартфон аркылуу контактсыз төлөмдөрдү кабыл алууга жардам берет!

VISA Tap to phone – смартфон же планшет аркылуу, банктык карталарын кабыл ала турган, толук кандуу терминал катары колдонууга мүмкүнчүлүк берген жаңы технология. Болгону Google Play'ден MPOS мобилдик тиркемесин жүктөп алып жана биздин адистердин жардамы менен катталыңыз (туташуу чекене сатуу боюнча адистер тарабынан ишке ашырылат, +996 553 333 524 телефону). Алгачкы консультация Колл-центрдин адистеринин жардамы менен жүргүзүлөт.

Төлөм VISA Tap to phone аркылуу кантип жүргүзүлөт?

  • Сатуучу төлөм суммасын тиркемеде көрсөтөт;
  • Сатып алуучу картаны же гаджетти сатуучунун смартфонуна тийгизет;
  • Даяр! Төлөм аткарылды!

VISA Tap to phone аркылуу төлөөнүн артыкчылыктары:

  • Ыңгайлуу — сизге болгону смартфон же планшет керек;
  • Коопсуздуу — картаны колуңуздан коё бербейсиз;
  • Тез — бир-эки секунд талап кылынат;
  • Актуалдуу — туруксуз эпидемиологиялык кырдаал учурунда контактсыз төлөмдөр болуп көрбөгөндөй зарыл;
  • Бизнес жүргүзүүнү жана үнөмдөөнү жөнөкөйлөтүү — атайын жабдууларды сатып алуунун, ижара акысын төлөөнүн жана ал үчүн финансылык жоопкерчилиги кереги жок.

Чектөөлөр:

  • Тиркеме NFC чипине ээ (кыска аралыктагы зымсыз маалыматтарды берүү) Android'го негизделген.

Жанылыктар