12-сентябрда Технопарктын аймагында KYRGYZSTAN коммерциялык банкынын жаңы IT борборунун ачылышы болду
Ачылыш аземине Банктын ТОП-менеджменти жана анын Башкармасынын Төрагасы Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич катышты.
⠀
IT-борборду түзүүнүн негизги максаттары мындан аркы санариптик трансформация, IT-командасын кеңейтүү, санариптик продуктуларды түзүүнүн жаңы ыкмалары жана Банктын кызматкерлери үчүн жакшы шарттарды түзүү болду.
⠀
IT-адистери маалыматтык технологиялар жана продукттарды башкаруу тармагында ондогон адистер иштей турган жаңы кеңсеге экскурсия жасашты. IT-борбордо банк кызматкерлери ар кандай санариптик долбоорлорду жана продуктыларды иштеп чыгуунун үстүндө иштешет, алардын эң негизгиси Кыргызстандын рыногунда мобилдик банкинг тиркемелеринин арасында лидер болгон MBANK мобилдик тиркемеси.
⠀
IT-борбор бул санариптик банкты түзүүдөгү алгачкы кадамдардын бири, ошондой эле кардарлардын жашоосун жөнөкөйлөткөн жана жеңилдеткен инновациялык ыңгайлуу продуктыларды жана экосистеманы түзүүнүн негизи!