Баткен жана Ош областындагы кардарларга колдоо

14 тогуздун айы 2022

Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН ААКсы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен үй-бүлөлөрү жапа чеккен кардарларына жардам көрсөтүп келген жана жардам берүүнү улантууда.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2-(НПА) токтомуна ылайык “Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган коммерциялык банктардын, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу”, Банк Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган кардарларыбыздан түшкөн бардык арыздарды карайт.

Консультация жана толук маалымат алуу үчүн ААК Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН филиалдарына кайрылсаңыз болот.

Жанылыктар