Эми Namba Food кызматтарына Мобилдик банкинг аркылуу төлөсө болот

14 аяк оона 2015

Жакшы жаңылык!

Эми сиз Namba Food кызматына нак акчаны кармабай эле Мобилдик банкинг кызматы менен оңой жана ыңгайлуу түрдө төлөсөңүз болот! 
Бул кандай жүргүзүлөт?
  1.  http://nambafood.kg/ сайт же приложение аркылуу тапшырык кылганда, операторго Мобилдик банкинг аркылуу төлөм жүргүзүүнү каалаганыңыз жөнүндө билдирме бересиз
  2. андан соң Мобилдик банкинг кызматы туташылган телефонуңуздун номерин айтасыз
  3. оператор сизге тапшырыктын суммасын жазып "билдирме" жиберет
  4. "Food Namba" тапшырык кылган суммага 3333 кыска номеринен сизге билдирме келет
  5. андан кийин сиз Мобилдик банкингге кирип (приложение аркылуу же *3333#) "Запросы" деген разделди тандап, төлөмдү жүгүзөсүз 
  6. эми тапшырыкка төлөм жүргүзүлдү, сиздин эсебиңизден акча-каражат алынат
Артыкчылыктары:
  • нак акчаны кармоо кереги жок
  • кайтым менен эч кандай ыңгайсыздыктар жок
Бишкектин эң жакшы кафе, ресторандарынан Namba Food аркылуу сүйүктүү тамактарды алып, оңой төлөңүз! 

Жанылыктар