"Сиздин сатып алуулар - биздин белектер" акциясынын жыйынтыктары!
29 бугу 2017
Урматтуу кардарлар!
Биз 2017 жылдын 1-мартынан 30-апрелге чейин өткөрүлгөн "Сиздин сатып алуулар - биздин белектер" акциясынын жыйынтыктарын чыгардык!
Акцияда "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН"дын - Visa, Элкарт,MasterCard жана Золотая Корона карталары катышты. Баалуу белектерди утуш үчүн Банктын карталары менен "Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" дын рos-терминалдары аркылуу сатып алууларды жүргүзүү шарт болчу.
Акциянын максаты нак эмес эсептешүүлөрдү калк арасында популярлаштыруу болду.
Акциянын женүүчүлөрү болуп 42 активдүү Банк карталарынын колдонуучулары таанылды. Аларга төмөнкү баалуу белектер берилди:
- 2 туристтик жолдомо - ар бир туристтик жолдомо 2 кишиге;
- 10 ноутбук;
- 15 смартфон;
- 15 кубаттоочу каражаттар (power bank).
Женүүчүлөрдү чын-жүрөктөн куттуктайбыз!